Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

Былтыр балага жыныстык ыдык көрсөткөн 60ка жакын адам камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2017-жылы жашы жете электерге жыныстык запкы көрсөткөн 57 жаран камалган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2016-жылы балдарга каршы жасалган 400дөн көп кылмыш катталса, анын отуздан ашууну жыныстык мүнөздө болгон.

Балдарды коргоо лигасы Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып тизмектеген кылмыштардын саны 2017-жылы 600дөн ашкан.

- Ошол 600дөн ашуун кылмыштын ичинен 127си жыныстык зомбулук болгон. Бул абдан көп. Бул билинип калганы. Ал эми билинбегени, айтылбаганы канча? - дейт лиганын жетекчиси Назгүл Турдубекова.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүгүндө балдарды зордуктоого каршы чаралар жазылган. Бул оор кылмыштын катарына кирет жана 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланары көрсөтүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG