Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын бүгүнкүгө белгиленген жараяны болгон жок. Депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекова анын дагы эле дарылануудан өтүп жатканын билдирди. Ишти караган судья Ирина Воронцова Салянованын абалы тууралуу ал жаткан ооруканадан маалымат алынарын айтты.
Сот Салянова жүрөк оорусуна байланыштуу ооруканада жаткандыктан ишти кароону токтото туруу боюнча адвокаттардын өтүнүчтөрүн четке кагып келатат.
- Мындай нерсе бизде тажрыйбада жок болчу. "Ооруканада жатат" деген кагаз алып келгенден кийин эле токтото турушчу. Депутаттардын иштери мыйзамда жок болгон өзүнчө эреже менен жүрүп жатат, - деди адвокат Чынара Жакупбекова.
Буга чейин Бишкек шаардык соту "Аида Салянова жүрөк оорусуна байланыштуу бейтапканага жатышы керек" деген дарыгерлердин бүтүмүнө ишенбей, өз алдынча иликтөө жүргүзгөн. Комиссия анын ооруп жатканын ырастаган. Эл өкүлүнө "жүрөк кемтигинен жабыркайт" деген диагноз былтыр декабрдын этегинде коюлган. Ошондон бери ал соттук териштирүүлөргө келе элек.
Аида Салянова Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен, 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталууда.
Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Депутат доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган. (NT)