Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 14:04

Кыргызстанда аткаруу бийлигинин системасын реформалоо боюнча мекеме аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Комиссия бир ай ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын чектүү штаттык санын жана башкаруу схемасын талдап, сунуштарды иштеп чыгат.

Эсенгуловдун айтымында, штатты кеминде 10 пайызга азайтуу жагы каралууда:

- Комиссия өкмөткө караштуу мамлекеттик органдардын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу, функциясын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында түзүлдү.

Комиссиянын иши аяктаганча бош кызмат орундарына жаңы кызматкерлер кабыл алынбайт.

Аткаруу бийлигинин системасын реформалоо өкмөттүн “Жаңы доорго 40 кадам” программасынын алкагында жүргүзүлөт. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG