Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

Жапон премьери Олимп оюндарынын ачылышына барууну көздөйт


Синзо Абе.
Синзо Абе.

Түштүк Корея президентинин кеңсеси жапон өкмөт башчысынын Пхенчхаңдагы кышкы Олимпиадага катышуу ниетин кубаттады. Анын алдында премьер Синзо Абэ оюндардын ачылыш аземине барууну каалай турганын билдирген.

Түштүк Кореянын аялдары Экинчи дүйнөлүк согуш маалында жапон аскерлеринен көргөн запкыдан улам ондогон жылдардан бери Сеул менен Токионун мамилелери чыңалган бойдон келатат.

2015-жылы тараптар жетишкен макулдашууга ылайык Жапония кечирим сурап, аман калган аялдарга жардам берген фондго 9 миллион доллар которгон. Бирок ушул айда Түштүк Корея "бул каражат аздык кылат, дагы кадамдар жасалууга тийиш" деп талап кылды.

Пхенчхаңдагы Олимпиада 9-февралда башталганы турат. 2020-жылкы жайкы оюндар болсо Токиодо өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG