Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 21:56

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов мекемедеги миллиондогон каржылык мыйзам бузуу фактыларын жарыялаган Эсеп палатасынын отчету тууралуу "Азаттык" радиосуна комментарий берди. Анын айтымында, Эсеп палатасы отчет түзүүдө министрлик келтирген жүйөлөрдү эске албай койгон:

- Эч нерсесине макул эмеспиз. Анын баары туура эмес. Азыр прокуратурага өткөрүлдү, алар сотко жиберишет. Эми биз өзүбүздү сотто гана коргойбуз. Эсеп палатасы биздин жүйөлөрүбүздү кабыл албай койду. Дооматтар бизге эмес, жалдануучу компанияларга айтылган. Албетте, эми министрлик жоопкер. Бирок ал жерде туура эмес жазылып калса, министрлик жооптуу болбойт да.

Буга чейин Эсеп палатасы Транспорт жана жолдор министрлиги 2016-жылы 235 миллион сомдон ашык каржылык мыйзам бузууга жол бергенин жарыялаган. Маалыматка караганда, жолдорду оңдоодо иштин, материалдын баасы ашыра көрсөтүлгөн.

Эң негизги каржылык мыйзам бузуу Балыкчы-Тамчы-Корумду трассасын, Бишкек шаарындагы "Манас" аэропортуна кетчү жолду оңдоо долбоорлоруна байланыштуу болгон. (EBM/NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG