Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Порошенко АКШнын өкүлү менен өлкө чыгышындагы абалды сүйлөштү


Петр Порошенко жана Курт Волкер.
Петр Порошенко жана Курт Волкер.

Украинанын президенти Петр Порошенко Киевде АКШнын Украина боюнча атайын чабарманы Курт Волкер менен жолугуп, өлкөнүн чыгышындагы абалды талкуулады. Порошенконун расмий сайтына чыккан маалыматта жолугушууда Минск келишимин аткарууда жылыш болбой жатканына байланыштуу тараптар “абдан кооптонуп” жатышканы айтылды.

Волкер "Twitter'деги" баракчасына Порошенко менен маанилүү сүйлөшүү болгонун, ушул аптада Дубайга барып орусиялык дипломаттар менен жолугушууларды өткөрөрүн жазды. Ал Украинанын чыгышындагы атышууну токтотуу жана “Орусиянын оккупациялык аскерлерин Украинадан чыгаруу” “абсолюттук артыкчылык” экенин белгиледи.

2014-жылдан бери Киев өлкөнүн чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы Орусия колдогон жикчилдерге каршы күрөшүп келе жатат. Москва Украинанын ички иштерине кийлигишпегенин айтууда.

2016-жылы Эл аралык кылмыш соту бул жаңжалды “Украина менен Орусиянын ортосундагы эл аралык куралдуу чатак” деп атаган.

Төрт жылдан бери бул согуш 10 300 адамдын өмүрүн кыйды, 1,6 миллион адам үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду. (RK)

XS
SM
MD
LG