"Сталиндин өлүмү" деген фильмдин режиссеру Армандо Януччи тасманы Орусияда көргөзүү укугун алаарына ишенет. Бул тууралуу режиссер "Гардиан" гезитине берген интервьюсунда айтты.
Кечээ Орусиянын Маданият министрлиги фильмдин көрсөтүлүшүнө уруксат берген чечимин артка чакыртып алды. Анын алдында министрликтин юристтери фильмде экстремизмдин белгилери байкалганын айтышкан.
"Сталиндин өлүмү" деген британиялык сатиралык комедиянын дүйнөлүк премьерасы 2017-жылдын сентябрь айында Лондондо өткөн. Анда 1953-жылы Иосиф Сталин көз жумгандан кийинки СССРдеги бийлик талаш баяндалган.