Ирактын парламенти жалпы шайлоону 12-майга дайындады. Анын алдында федералдык сот "шайлоону кечеңдетүү мыйзамга каршы келет" деген чечимин чыгарган.
Конституция боюнча парламенттик шайлоо азыркы депутаттардын мандатынын аягына кеминде 45 күн калганда же 16-майга чейин өтүүгө тийиш. Хайдер ал-Абади жетектеген өкмөт добуш берүүнү 12-майда өткөрүүнү сунуш кылган. Аларды шииттердин партиясы колдогону менен суннит депутаттар “Ислам мамлекети” террордук уюмунан качып жер которгон сунниттер үйлөрүнө кайтууга үлгүрбөй тургандыгын айтып каршы болушкан.
Шиит депутаттар болсо Баш мыйзам шайлоону кечеңдетүүгө жол бербесин айтып, андай болсо өкмөт укуктук боштукта каларын белгилешет. Парламент өкүлдөрү ошондой эле "сунниттер "аймактарды кайра курууга убакыт керек" деген демилгелери менен көбүрөөк шайлоочуларды өздөрүнө тартууну көздөшөт" деп санашат.
Буга чейин парламенттик шайлоо Иракта 2014-жылдын 30-апрелинде өткөрүлгөн. Анда парламенттин 328 мүчөсү тандалган. Алар өз кезегинде ал-Абадини өкмөт башчылык кызматка шайлашкан. Кабинетке шииттердин альянсы, күрттөр жана сунниттер кирет.