Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Кара-Сууда 7-класстын окуучусу асынып алды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында 13 жаштагы бала курулушу бүтө элек үйдө асынып алган. Анын асылып турган денесин туугандары 20-январда күндүзгү саат үчтөр чамасында көрүшкөн. Ош облустук ИИБнын маалымат катчысы Жанна Сатарова бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалганын "Азаттыкка" билдирди:​

- Баланын өз өмүрүнө кол салышына себеп болгон жагдайлар иликтенип жатат, - деди ал. 

Алдын-ала маалыматтар боюнча, баланын ата-энеси ажырашып кеткен. Апасы Орусияда иштеп жүргөнүнө байланыштуу өспүрүм таежесинин колунда болгон. Туугандарынын айтымында, бала мектепте жакшы окуган, тентектик кылбаган окуучулардын бири болгон. 

Расмий маалыматтар боюнча, 2017-жылдын тогуз айында өлкөдө балдар арасында 96 суицид катталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG