Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Давостогулар протекционизмди айыпташты


Немис канцлери Ангела Меркел. 
Немис канцлери Ангела Меркел. 

Германия менен Италиянын лидерлери Давостогу экономикалык форумда сүйлөгөн сөзүндө улутчулдукка жана протекционизмге каршы чыгышты. Алар мындай тынчсыздануусун форумга АКШнын президенти Доналд Трамп келерден бир күн мурун билдиришти. Трамптын экономикалык саясатына каршы чыккандар президент Трамп "эң ириде Америка" ураанын карманат жана ички бизнести тышкы атаандаштарынан чектөөгө аракет кылат деп эсептешет.

- Мындай чектөөлөр бизге жардам бербейт. Биз кызматташууга тийишпиз, протекционизм маселелерди чечпейт, - деди немис канцлери Ангела Меркел.

Ал эми Италиянын премьер-министри Паоло Жентилони "саясатчылар өз жарандарын жана экономикасын коргоого ниеттенгени жакшы, бирок бардыгы чеги менен болушу керек" деген пикирин айтып, эл аралык кызматташуунун туруктуулугун бузууга каршылыгын билдирди.

Давостогу бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум 23-январда башталган. Ага 60тан ашуун өлкөнүн өкмөт жана мамлекет башчылары, ишкерлер, окумуштуулар жана экономисттер катышууда.

Ак үйдүн маалыматы боюнча, АКШнын президенти экономикалык форумда Америкада ишкерлик кылуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз сүйлөйт.

Давостогу экономикалык форумга Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаков катышууда.

XS
SM
MD
LG