Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:35

Орусиянын Жогорку соту Али Ферузду депортациялоо чечимин жокко чыгарды


«Новая газетанын» журналисти Али Феруздун иши эми буга чейин аны өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган Москва шаардык сотунун кароосуна жөнөтүлөт. Жогорку соттун пикиринде, Феруздун ишин кароо маалында анын жүйөлөрүнө укуктук жактан тиешелүү деңгээлде баа берилген эмес.

Жогорку сот Москва шаардык сотуна Германия элчилигинин 2017-жылдын 4-августундагы катын эске алууну сунуш кылды. Анда элчилик Ферузга Германияга барууга жана чет өлкөлүк паспорт алууга уруксат берилгени жазылган.

Феруз өткөн жылы августта "миграциялык мыйзамдарды бузган" деген айып менен Москванын борборунда кармалып, аны тез арада депортация кылуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Бирок Орусиянын доо арыздарды караган соту ал чечимди аткарууну убактылуу токтоткон. «Новая газетанын» башкы редакторунун айтымында, кармоо маалында укук коргоо кызматкерлери Ферузду сабашкан. Ал сегиз жыл мурда Өзбекстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Мекенинде журналистке "террорчул уюмдар менен кызматташкан" деген айып коюлган.

Өзбек бийлиги бир канча жылдан бери Ферузду Өзбекстанга депортациялоого аракет кылып келет. Журналист Орусияда качкын макамын алууга документтерин тапшырган, бирок аны берүүдөн баш тартып коюшкан.

XS
SM
MD
LG