Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды 


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, кармалган үч адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары милициянын каттоосунда турган. Алардын үстүнөн кыргызстандык аял кайрылып, опуза менен 70 000 сом талап кылып жатканын билдирген.

Бул арыздын негизинде шектүү үч киши колго түшүп, баары кылмыштуу топко мүчө экени аныкталган. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси ("Опузалоо") менен кылмыш иши козголду.

Кармалгандар азыр убактылуу камакта, алардын башка кылмыштарга катышы бар-жогу иликтенип жатат.

ИИМ былтыр декабрда бир жыл ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун 231 мүчөсү ар кандай кылмыш фактыларына байланыштуу шектүү катары кармалганын кабарлаган. (NT)

XS
SM
MD
LG