Кыргызстанда 26-январда айрым жерлерде бир аз кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -10...-15;
Таласта түнкүсүн -15...-20, күндүз -10...-15;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн - 5...-10, күндүз 0...5;
Баткенде түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -10...-15, -1...-6;
Нарын облусунда түнкүсүн -25...-30, -15...-20 градус суук болот.
Бишкекте 26-январда кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн - 18...-20, күндүз -13...-15 градуска чейин төмөндөйт.