Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Трамп Давоско келгени жатат


Трамп Давоско жөнөгөн учур. Вашингтон, 24-январь, 2018-жыл.
Трамп Давоско жөнөгөн учур. Вашингтон, 24-январь, 2018-жыл.

АКШнын президенти Швейцариянын Давос шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумга бүгүн келери күтүлүүдө.

Ак үй анын сапарын АКШнын бизнесин илгерилетүү жана АКШнын глобалдык экономиканын өсүшү үчүн милдеттенмесин дагы бир жолу ырастоо катары мүнөздөдү.

Бүгүн ал Давосто Британиянын премьер-министри Тереза Мэй, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Европанын АКШда “кеңири” иш жүргүзгөн компанияларынын башчылары менен жолугат.

Ал эми Давос форумунда ал эртең сөз сүйлөмөкчү.

Трамптын сапарын утурлай 24-январда да, Цюрих шаарында ага каршы 1000ден ашуун адам катышкан нааразылык акциясы өттү. (UE)

XS
SM
MD
LG