Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:48

Крымда кайрадан тинтүү жүргүзүлдү


Крымдагы тинтүү. Иллюстрациялык сүрөт.
Крымдагы тинтүү. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиялык күч түзүмдөрдүн тинтүүсү бул ирет Крымдын Жанкой жана Нижнегорск райондорунда жүргүзүлгөн.

Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун "Крым.Реалии" сайтынын кабарчысына жергиликтүү активист, “Крым тилектештиги” деген коомдук бирикменин өкүлү Сервер Мустафаев билдирди.

Бүгүнкү тинтүүдөн кийин Энвер Крош жана Эбазер Ислямов аттуу эки активист полиция бөлүмүнө жеткирилген.

Активист Сервер Мустафаевдин айтымында, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү өз аракеттерин үйлөрү тинтилген адамдарын социалдык медиада жазгандары менен байланыштырышкан.

Крым 2014-жылдын жазында анексиялангандан бери орус бийлиги ал жердеги эркин журналисттердин, жарандык активисттердин, Крым татарларынын коомдук бирикмеси болгон Межлистин мүчөлөрүнүн, жергиликтүү мусулмандардын үйлөрү менен кеңселерин такай тинтип келет.

Жергиликтүү активисттер бул көрүнүштү куугунтук катары баалашат. Орусиянын күч түзүмдөрү болсо крым татарларынын айрымдарын өлкөдө тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмуна байланышы бар деп шек санашат. (UE)

XS
SM
MD
LG