Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:17

Бекешев: Жол кырсыгынын күнөөкөрү жазадан кутула албайт


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты, "Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын демилгечиси Дастан Бекешев сөз болуп жаткан документ тууралуу "Азаттык" радиосуна комментарий берди. Анын айтымында, президент кол койгон бул мыйзамга ылайык жол кырсыгы үчүн жоопкерчилик күчөтүлүп жатат.

- Мисалы, киши жол кырсыгынан каза болсо күнөөлүү тарап маркумдун туугандары менен сүйлөшө албайт. Акча берип, иштип жаптырып коюуга болбойт. Иш толук изилденип, андан кийин сотко жиберилиши керек. Өзгөртүүлөрдүн эң негизгиси ошол. Андан тышкары мас абалында рулга отургандарга жоопкерчиликти, жазаны күчөттүк. Мурун кээде айыппул эле төлөсө, азыр "8 жылдан 12 жылга чейин абакка кесилет" деп көрсөттүк.

Бекешев кошумчалагандай, жол кырсыктарын азайтуу, киши өмүрүн алган кандуу окуяларда тараптардын өз ара элдешип алып, жазаланбай калган учурларды жоюу максатында мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунуш кылынган. Документке президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койду, ал он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргызстан жол кырсыктары көп болгон мамлекеттердин бири. Расмий маалыматка караганда, 2017-жылы өлкөдө 6 миң 346 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 478ге көп.

XS
SM
MD
LG