Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны төрт миңден ашты. Алардын 70% жаш балдар. Январдын баштапкы эки жумасына салыштырганда бейтаптардын саны 19% өскөн.
Сасык тумоо менен ооругандар жылына декабрь, январь айларында көп болот. Мекеменин Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динагүл Оторбаеванын айтымында, сасык тумоого байланыштуу ооруканаларда кошумча койкалар коюлду:
- Оорукана, бейтапканаларда киши толуп, орун жок калды деп азырынча айта албайбыз. Быйыл алдын алуу иштери жакшы жүргүзүлдү.
Оторбаева сасык тумоонун алдын алуу үчүн жарандарды ден соолугуна сак болуп, имунитетти көтөрүүгө, таза абада сейилдөөгө, өз убагында тамактанууга, ал эми ооруп калган кишилерди башкаларга вирусту жугузбоо үчүн беткап кийип жүрүүгө чакырды. (AiA)