Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Тажикстанда диний мекемелер отчет берип турууга милдеттендирилди


Дүйшөмбү шаарындагы мечит. 2013-жылы тартылган сүрөт.
Дүйшөмбү шаарындагы мечит. 2013-жылы тартылган сүрөт.

Мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүгө ылайык, Тажикстанда эми дин кызматкерлери да тапкан-ташыганын, айлыгын жана төлөгөн салыгын ачыкка чыгарышы керек.

Тапкан кирешеси жана кеткен чыгашасы тууралуу диний мекемелер да отчет берүүгө милдеттүү.

Тажикстанда мечиттер өз ишин битир-садаганын эсебинен жүргүзүп, имамдары нике кыйуу, жаназа окуу сыяктуу жөрөлгөлөрдөн киреше табышат. Чоң мечиттердин имамдарына мамлекеттен айлык төлөнөт.

- Мамлекеттин карамагында болбогон деле айрым мечиттердин, диний мекемелердин кызматкерлери, имам-хатибдери мамлекеттен айлык, акча алышат. Негизи мамлекет аларга акча бербеши керек. Бирок берип аткандан кийин алар салык органдарына отчет беришинин эч өөнү жок, - деди “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун “Настоящее время” телеканалы менен болгон маегинде Дүйшөмбүдөгү Ислам институтунун деканы Карим Рахимов.

Расмий бийлик маалымдуулук мечиттердин ишинде ачык-айкындуулукту камсыз кылып, битир-садага кайда кетип атканын эл билип турат деп
эсептейт. (MTO/UE)

XS
SM
MD
LG