Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:14

Камактагы төрт оппозициячынын соту 31-январга белгиленди


Камактагылардын акталышын талап кылган акциялардын бири. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратынын алды.
Камактагылардын акталышын талап кылган акциялардын бири. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратынын алды.

Бишкек шаардык соту 24-январда "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп айыпталган Бектур Асановдун, Эрнест Карыбековдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Дастан Сарыгуловдун ишин жабык карады. Саясий туткундарды коргоо комитетинин мүчөсү, жарандык активист Зулфия Мараттын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, судья Адис Момуналиев УКМКнын тергөө тобунун жетекчиси Максат Эсенбаевди териштирүүгө чакыруу жөнүндө айыпталып жаткандардын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Анын айтымында, сот адвокаттар менен айыпталуучулардын каршылыктарына көңүл бурбай жатат, адвокаттардын каршылыгына карабай күбөлөрдү суроону токтотуп койду. Ошондой эле Асанов менен Кадыровдун үстүнөн арыз жазган адамды чакырып, суракка алуу тууралуу өтүнүчтү четке какты.

Маалыматка караганда, камактагы оппозициячылардын кийинки соту 31-январга белгиленди. Февралдын башында шаардык сот алардын апелляциялык доо арызы боюнча акыркы чечим кабыл алат.

Биринчи май райондук соту былтыр 17-апрелде Эрнест Карыбековду 20, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылдан, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен. 2016-жылдын жазынан бери камакта отурган айыпталуучулар райондук соттун чечимине макул болбой, жогорку инстанцияга даттанышкан. Соттолуучулар өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын белгилеп келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG