Баш мыйзамдын 45-беренесине ылайык, суукка байланыштуу окууну убактылуу токтотуу тууралуу буйрук мектептерге тиешелүү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бала бакчалардын иш тартибин жергиликтүү бийлик менен жүргүзүлгөн макулдашуунун негизинде аймактык билим берүү башкармалыгы аныктайт. Ал эми кесиптик окуу жайлар абалга жараша өз алдынча чечим чыгарат.
Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги "аба ырайы кескин суук болот" деген эскертүүлөргө байланыштуу Кыргызстандагы бардык мектептерде окуу 26-январдан 30-январга чейин убактылуу токтотулганын билдирген.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-29-январда Бишкекте абанын температурасы күндүз -17, түнкүсүн - 25 градуска чейин төмөндөй турганын маалымдаган. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн - 30, Суусамырда -40 градус болорун эскерткен. (NT)