Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Сирия сүйлөшүүлөрү Венада башталды


Сирия сүйлөшүүлөрүнүн башталышы. Вена, 25-январь, 2018-жыл.
Сирия сүйлөшүүлөрүнүн башталышы. Вена, 25-январь, 2018-жыл.

БУУ демөөрчүлүк кылган тынчтык сүйлөшүүлөрдүн тогузунчу айлампасы Австрия борборунда бүгүн башталды.

"Мен оптимистмин, бирок азыркы учур өтө маанилүү", -деди БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стефан де Мистура сүйлөшүүлөрдү утурлай.

Сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки сегизинчи айлампасы өткөн айда Женевада ийгиликсиз аяктаган. БУУнун чабарманы Стефан де Мистура бул үчүн жоопкерчиликти негизинен өкмөткө жүктөп, алар оппозициячыл топтордон саясий өткөөл жараянга президент Башар Асаддын аралашуусун кабыл алууну талап кылганын белгилеген. Сирия оппозициясынын Батыш колдогон негизги тобу - Улуттук коалициянын өкүлү Наср ал-Хариринин айтымында, “алдыдагы эки күн тараптардын баары үчүн чыныгы сыноо болот".

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Венадагы сүйлөшүүлөрдү Сирия боюнча саясий чечим табуунун “акыркы үмүтү” деп мүнөздөдү. Анда негизги көңүл өлкөнүн болочок Конституциясына байланышкан маселелерге бурулары күтүлүүдө.

Венадагы сүйлөшүү Түркия Сириянын күрттөр көзөмөлдөгөн түндүк-батыш аймагы - Афринде ири аскерий операциясын алтынчы күн улантып жаткан учурга туш келди.

Бул арада Орусия 29-30-январда Сочиде Сириянын “улуттук диалог конгресси” деп аталган жыйын өткөрүүнү пландап жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG