Кыргызстандык туристтик агенттиктердин өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр жана комузчулар катышкан көргөзмөгө келгендерди кымыз менен сыйлап, кыргыздын улуттук оюндары тууралуу маалымат беришүүдө.
Кыргызстандык уюштуруучулар бул көргөзмөдө боз үйдүн жанында сүрөткө түшүп, социалдык тармактарда бөлүшкөн катышуучуларга Кыргызстанга беш күндүк эс алуу билетин ойнотот.
22-эл аралык туризм көргөзмөсүнө 106дан ашык өлкөдөн 600гө жакын туристтик агенттер катышууда. (ElB)