Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:45

Мунапыс уюму тажик журналистин бошотууга чакырды


Хайрулло Мирсаидов.
Хайрулло Мирсаидов.

Эл аралык Мунапыс уюму Тажикстандын бийлигин белгилүү журналист Хайрулло Мирсаидовду “тез жана эч шартсыз” бошотууга үндөдү. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюмдун билдирүүсүндө “Мирсаидов ой-пикирди эркин билдирүү укугун колдонгону үчүн гана жазаланып жаткан абийир туткуну”,- деп айтылат.

39 жаштагы көз карандысыз журналист тергөө абагында бир айдан ашуун убакыттан бери отурат. Ал мурда Душанбедеги “Азия-Плюс” агенттигинин, Германиянын Deutsche Welle радиосунун кабарчысы болгон. Ал ошондой эле Тажикстандын улуттук КВН командасынын да лидери.

Бийликтер "журналистти акча уурдаган", "жалган документ жасаган", "полицияга жалган маалымат берген", "этникалык жана диний кастыкты козуткан" деп айыптоодо. Эгер ал күнөөлүү деп табылса 21 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. Журналисттин атасы Хабибулло Мирсаидов “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна уулу ага коюлган айыптарды төгүндөп жатканын билдирди.

Хайрулло Мирсаидов Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, башкы прокурору Юсуф Рахмон баштаган бийлик өкүлдөрүнө ачык кат жолдоп, аларды жергиликтүү бийликтеги коррупцияны ооздуктоого чакыргандан кийин былтыр 5-декабрда кичи мекени Хожент шаарында камакка алынган. (UE)

XS
SM
MD
LG