Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Орусияда бир жыныстуу нике алгачкы жолу расмий таанылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Дождь" телеканалынын маалыматы боюнча, орусиялык жарандар Евгений Войцеховский менен Павел Стоцко 4-январда Копенгагенде никеге турушкан. Андан кийин алар Москвадагы көп тармактуу кызмат көрсөтүү борборуна документтерин тапшырган, аларга эч кандай суроосуз мөөр басылып берилген.

"Дождь" телеканалынын маалыматына караганда, Орусия чет өлкөдө кыйылган бир жыныстуу никени баш кошкондор жакын тууган болбогон учурда тааныйт.

Ал эми бир жыныстуу нике кыюуга Орусияда тыюу салынган. Өлкөдөгү салттан тышкары сексуалдык мамилеге тыюу салган мыйзамды Европа соту адам укугун бузат деп тааныган. Өткөн жылдын декабрь айында Орусиянын православ чиркөөсү бир жыныстагы адамдардын никесин кыюуга расмий түрдө тыюу салды.

XS
SM
MD
LG