Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:51

Акыйкатчы таза суунун тартыштыгы боюнча баяндамасын жарыялайт


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

"Жарандардын таза, ичүүчү сууга жана тазалыкка укугу" деп аталган атайын баяндаманы Акыйкатчы институту былтыр жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында даярдаган. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз катчысы Элмира Мадиева "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Акыйкатчынын баяндамасы бүгүн тегерек үстөлдө талкууланып, андан кийин коомчулуктун сынына коюлат. Бүгүнкү иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, Айыл, суу чарба министрлигинен, Саламаттык сактоо министрлигинен жана башка тиешелүү мекемелерден өкүлдөр, Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин мүчөлөрү чакырылган.

Акыйкатчы институтунун буга чейинки иликтөөсүнө караганда, былтыр элетти ичүүчү суу менен камсыз кылыш үчүн бюджеттен 358 млн. сом каралып, бирок болгону 50 млн. сом гана бөлүнгөн. Кыргызстандын эл жашаган аймактары 21% гана саркынды суу агызуучу система менен камсыздалган. Иликтөөгө ылайык айыл жерлериндеги айрым мектептерде жана медициналык мекемелерде гана саркынды суу агызуучу система болбосо, калган жерлерде жок.

Буга чейин иштеген “Таза суу” долбооруна 2001-2014-жылдары эл аралык донорлордон 90 миллион долларга жакын каражат келген. Бирок жаңы түтүктөр орнотулган айылдардын теңинен көбүндө суу чыкпай калганы, алар сапатсыз орнотулганы, долбоор коррупциялык айла-амалдар менен коштолгону ачыкка чыккан.

XS
SM
MD
LG