Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Бишкекте үй-жайсыз он беш киши суукка тоңуп каза тапты


Бишкектеги селсаяктардын баш калкасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги селсаяктардын баш калкасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Январь айында Бишкекте он беш киши суукка тоңуп каза болгонун соттук-медициналык экспертиза аныктады. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, алардын баары үй-жайсыз адамдар.

- Милиция кызматкерлери күндө иш алып барып жатат. Өткөн жумада алдын алуу иштерин жүргүзүүдө 239 селсаяк аныкталып, 22си үй-жайы жоктор үчүн "Коломто" борборуна жайгаштырылган. 25 кишиге тартип бузуу боюнча административдик протокол түзүлүп, соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы суук күчөгөнүнө байланыштуу бардык райондордо үй-жайсыз адамдарга убактылуу башкалка берүүчү түйүндөр ачылганын билдирген.

Ушу тапта Бишкекте сууктун күчү күндүз -19 градусту көрсөтүүдө. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-29-январда Бишкекте абанын температурасы күндүз -17, түнкүсүн - 25 градуска чейин төмөндөй турганын маалымдаган. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн - 30, Суусамырда -40 градус болорун эскерткен. (NT)

XS
SM
MD
LG