Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, айыл өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Шамил Исмаев "айылдык кеңешке шайлоо улут аралык жаңжалга негиз болушу мүмкүн" деген сөздөрдү четке какты. Бул тууралуу ал "Азаттык" радиосуна билдирди.
Маалыматка караганда, жергиликтүү кеңешке шайлоо 28-январга белгиленген. Депутаттык 21 орун үчүн жалпы 106 киши арыз берип, азыр алардын сексенден ашыгы калды.
Айылдык кеңешке шайлоо былтыр жайда болгон, бирок депутаттар айыл өкмөт башчысын шайлай албагандыктан таратылган.
25-январда Кыргызстандагы айрым маалымат каражаттары дунган улутундагы жарандар көп байырлаган Александровкада "шайлоодон улам улут аралык тиреш болуп жатат" деп жазып чыгышкан. Анда 2017-жылдын жайында өткөн шайлоо өнөктүгүндө да улут аралык чатак чыгууга аз калганы айтылган.
Александровка айылында 17 миңден ашуун адам жашайт. Калкынын 90% дунган, 7% кыргыз улутундагылар түзөт. (EBM/NT)