Кыргызстанда 27-январда Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрден, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -13…-18;
Суусамырда түнкүсүн -40…-45, күндүз -27…-32;
Таласта түнкүсүн -20…-25, күндүз -12…-17;
Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -9…-14, күндүз
0…-5;
Ош жана Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9;
Нарын облусунда түнкүсүн -29…-34, күндүз -17…-22;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -32…-37, күндүз -22…-27 градуска жеткен суук болот.
Бишкекте 27-январда кар жаабайт. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -22…-24, күндүз -16…-18 градус төмөндөйт.