Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

Балыкчыда сууктан тоңуп калган кишинин сөөгү табылды

Бишкектин Свердлов районундагы үй-жайсыздарга ачылган баш калкалоочу жай.
Бишкектин Свердлов районундагы үй-жайсыздарга ачылган баш калкалоочу жай.

Балыкчы шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев билдиргендей, каза болгон адам үй-жайсыз жана 65 жашта болгон. Анын сөөгү бүгүн таңга жуук шаардагы Аскер комиссарлыгынын от жаккан жайында табылган.

Балыкчыда суукка байланыштуу жергиликтүү бюджеттен үй-жайы жокторго ысык тамак уюштурууга 31 миң 600 сом бөлүнгөн. Бүгүндөн тартып ысык тамак бериле баштаганы кабарланды. (AsM)

XS
SM
MD
LG