Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:19

Лукашенко "жатып ичерлик салыгын” жойду


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Беларустун президенти Александр Лукашенко “жатып ичерлерден” салык алууну жойгон декретке кол койду. Документ иштебеген жарандарды мамлекет казынасына акча төлөөдөн бошотот. Андан тышкары өлкө боюнча түзүлгөн комиссиялар жумуш табууга жардам берип турушат.

“Жатып ичерлик салыгы” 2015-жылы киргизилген. Ага ылайык расмий түрдө иштебеген беларустар жылына 170 евро төлөп турушу керек болчу. Минск жана башка жерлерде өткөн массалык нааразылык акцияларынан кийин президент акча төлөө мөөнөтүн 2018-жылга которгон.

XS
SM
MD
LG