Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:18

NYT: Трамп атайын прокурорду иштен алууну былтыр эле көздөгөн


Доналд Трамп.
Доналд Трамп.

"New York Times" гезити "АКШ президенти Доналд Трамп атайын прокурор Роберт Мюллерди былтыр июнда ишинен алууга буйрук берген, бирок Ак Үйдүн адвокаты ага каршы болгон" деп жазат. Басылмада 25-январда жарык көргөн макала бул маселени жакшы билген төрт булактын айткандарына таянып жазылган. Азырынча Ак Үй комментарий бере элек. Гезиттеги маалыматка караганда, Трамп Орусиянын президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүн иликтеген атайын прокурорду иштен алууга буйрук бергенден кийин администрациянын башкы адвокаты Доналд МакГан андай болсо өзү да кызматынан кетээрин айткан. Президент ошондо өз чечиминен баш тарткан.

АКШнын атайын кызматтары "2016-жылы Орусия президенттик шайлоого аралашып, Трамптын атаандашы демократ Хиллари Клинтонго каршы аракеттенишкен" деген тыянакка келишкен. Мюллердин комиссиясынан тышкары бул ишти дагы үч топ иликтеп жатат. Трамп анын шайлоо өнөктүгү менен Орусиянын эч кандай байланышы болбогонун айтып келатат. Орусия да шайлоо процессине кийлигишкенин четке кагууда.

XS
SM
MD
LG