Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:06

Кыргызстандыктарды Түштүк Кореяга мыйзамсыз жөнөткөн жаран кармалды


Бишкектин Свердлов райондук ЗАГС бөлүмү берген документтердин бири.

Кыргызстандык эки жигитти Түштүк Кореяга мыйзамсыз жиберген киши катары кармалган шектүү Жети-Өгүз районунун 25 жаштагы тургуну болуп чыкты.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, шектүүнүн үстүнөн 44 жаштагы аял даттанган. Ал Улан аттуу адам баласынын жана досунун ишенимине кирип, Түштүк Кореяга барыш үчүн виза жасап берүүгө убада бергенин айткан. Алардан 2450 доллар алып, бирок экөөнү тең Түштүк Кореяга мыйзамсыз жөнөтүп койгонун билдирген. Бул арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Анын башкаларды да чет өлкөгө мыйзамсыз жөнөтүү боюнча кылмыш иштерине тиешеси бар-жогу иликтенип жатат.

Кыргызстандыктарды Түштүк Кореяга мыйзамсыз кетирген фактылар 2017-жылдын февралында ачыкка чыккан. Ал жакка барып иштөө максатында аты-жөнүн корейче өзгөртүп, бирок шылуундарга алданып калган 20га чукул жаран Мамлекеттик каттоо кызматынын бир нече өкүлүн "документ жасашат" деп айыптап, "Азаттык" радиосуна кайрылышкан. Жабырлануучулардын дээрлик баары Кыргызстандагы корей улутундагы адамдар менен формалдуу никеге туруп, ысымдарын корейче өзгөртүшкөн. Укук коргоо органдары бул окуялар боюнча кылмыш ишин козгогон. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG