Орус медиасы "өлтүргөн" элчи аман-эсен
Вашингтон Москваны Мьянмага согуш учактарын сатуу тууралуу келишимин кайра карап чыгууга чакырды. Мьянма бийлиги рохинжа мусулмандарын куугунтукка алганын эл аралык коомчулук сындап келет. Орусия телеканалы өлдү деп жарыялаган украиналык элчи аман-эсен. А тургай бизге маек берип, бул кабарды атайын чагым деп баалады. Нью-Йорк банкындагы Казакстандын 22 миллиард долларын эл аралык сот камактан чыгарды. Молдовалык ишкердин өтүнүчүнөн кийин сот ал каражат иштетилбей турушу керек деп чечкен.
Чыгарылыштар
-
Апрель 10, 2026Орусия: Интернет бөгөттөлүп, мигранттар кыйналды
-
Апрель 09, 2026Алайда ок жеген жоокердин абалы оор
-
Апрель 08, 2026АКШ–Иран келишиминен ким утту?
-
Апрель 07, 2026Кыргызстанда күйүүчү май кымбатташы мүмкүн
-
Апрель 06, 2026Дагестанда сел, жер көчкүдөн кеминде төрт киши набыт болду