Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:08

ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыктын себептери аныкталууда


Бишкек жылуулук борборунун жумушчусу. 27-февраль, 2015-жыл ("Азаттыктын" архивинен алынган сүрөт)

“Электр станциялары” ишканасы Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) электр кубаттуулугун 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскартты. Буга 26-январь күнү кечинде ЖЭБдин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүдө колдонулган айрым жабдууларынын иштен чыкканы себеп болгон. Аталган ишкананын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиеванын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, учурда энергетиктер аны калыбына келтирүү ишин жүргүзүп жатат.

-Учурда борбордун электр кубаттуулугу 180 МВтты түзүп жатат. Адистер борборду толук режимде ишке киргизүү жумуштарын аткарууда. Өлкөнүн түндүк жагы ГЭСтердин эсебинен толугу менен камсыз болуп жатат. Учурда Бишкек шаарын жылуулук менен камсыз кылуу иштери да жүрүүдө. Азыр негизги милдет - ТЭЦтин ишин толугу менен калыбына келтирүү.

Айдаралиева кырсыктын себептери аныкталып жатканын да кошумчалады.

Кечээ шаардын айрым жашоочулары батирлерге жылуулук берилбей, үйү муздап жатканына арызданышкан. ЖЭБдеги авариядан улам үй жылыткан батареядагы суунун температурасы 84 градустан 62 градуска төмөндөгөн. Бирок социалдык тармактын колдонуучулары суунун температурасы 40 градустун тегерегинде экенин жазып чыгышты.

"Кыргызгидрометтин" маалыматына караганда, Бишкекте 27-январда абанын температурасы түнкүсүн -22…-24, күндүз -16…-18 градус болуп жатат.

Кытай өкмөтүнүн каржылык жардамы менен ЖЭБ былтыр реконструкциядан өтүп, 30-августта жаңыланган корпусу ишке кирген. Муну менен жылуулук борбордун кубаттуулугу 812 мегаваттка чейин жогорулаганы айтылган. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG