Казан шаарынын соту Орусиянын аймагында тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" уюмуна байланышы бар деген айып менен Татарстандын тургуну Амир Хакимуллинди 17 жылга күчөтүлгөн тартипте абакка кести.
Хакимуллин аталган уюмга катыштыгы бардыгын четке каккан жок, бирок күнөөнү мойнуна алган эмес. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги жазды.
Террористтик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышкан деп айыпталган Хакимуллинди прокурорлор 19 жылга абакка кесүүнү сураган. Ал 2014-жылы Казанда "Хизб ут-Тахрирдин" бөлүмүн ачып, аны башкарып турган деген шек менен 2016-жылы мартта кармалган. Хакимуллин бул уюмга мүчө болуп кирүүгө жарандарды үгүттөгөн деп да айыпталууда.
Орусиянын Жогорку Соту 2003-жылы "Хизб ут-Тахрирди" террористтик уюм деп таап, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.(КЕ)