Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:24

Калиев: Электр кубатына чектөө киргизилбейт


Энергетиктер, Бишкек.

Бишкек Жылуулук борборундагы айрым жабдыктардын убактылуу иштен чыкканына карабай электр кубатына чектөө киргизилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев маалымат жыйында билдирди.

- Учурда Бишкек ЖЭБи 217 МВт кубаттуулукта иштеп жатат. Анын ичинде 145 МВты жаңы ишке киргизилген агрегаттар иштеп чыгат. Эскиси 50-60 МВттын тегерегинде болууда. Суу жетишпей калгандыктын үч-төрт буу казан катар-катары менен иштен чыкканы байкалды. Анын айынан кубаттуулук 20 МВтка чейин түшүп кеткен. Жаңы Жылуулук борборунун артыкчылыгы – автономдуу түрдө иштегендиги. Өзүнчө эки блок бөлүнүп тургандыктан ал өзүнүн кубаттуулугун толук сактап калганга мүмкүн болду. Ошондуктан Бишкекте электр энергиясына чектөө киргизбей, толук камсыз кылып жатабыз.

26-январда ЖЭБдин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүгө керектүү айрым жабдуулары иштен чыкканына байланыштуу Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) электр кубаттуулугу 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскартылган. Мындан улам үй жылыткан батареядагы суунун температурасы 84 градустан 52 градуска төмөндөгөн.

Ушул күндөрү Кыргызстандын аймагында катуу суук болуп жатат. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG