Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:06

Онкологияда дарыланып жаткан беш-алты бейтап сууктан улам үйүнө кетти


Иллюстрация
Иллюстрация

Улуттук онко-гематологиялык борбордун бейтаптарынын ичинен беш-алты киши үйүнө кетти.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна борбордун директору Эрнист Тилеков билдирди. Азыркы тапта рак менен ооруган 413 киши борбордун ооруканаларында дарыланып жатат.

Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан гематологиялык бөлүмдүн бейтаптарынын ичинен беш же алты киши палатадагы жылуулукка канааттанбай үйүнө кеткен. Электр жарыгы өчкөн кезде кошумча кубат берүүчү генераторлор иштеп, ооруканалар жарык менен камсыз болууда. Бейтаптарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, каалоочуларга үйлөрүнө барууга уруксат берилген.

26-январда Бишкектеги ЖЭБде болгон өндүрүштүк кырсыктан улам бир катар мекемелер, көп кабаттуу үйлөр, ооруканалар жылуулуксуз калды. (BCh)

XS
SM
MD
LG