27-январь күнү кечки саат алтыдан кийин Бишкектин Асанбай кичи районундагы 29-үйдөн өрт чыгып, бир аял түтүнгө ууланып каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Тилсиз жоо 19:37де толук өчүрүлгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталып жатат. (BCh)