Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 06:14

“Электр станциялары” ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиеванын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, Бишкек Жылуулук электр борборунда абал туруктуу. Жылуулук берүүнүн кубаттуулугу акырындап көбөйтүлүп жатат.

- Шаарга жылуулук берилип жатат. Анын орточо температурасы 60 градусту түзүүдө. Аны акырындап жогорулатып жатабыз. Иш күчөтүлгөн тартипте уланып жатат.

26-январда ЖЭБдин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүдө колдонулган айрым жабдуулары убактылуу иштен чыкканына байланыштуу Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) электр кубаттуулугу 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскартылган. Мындан улам үйлөрдү жылыткан батареядагы суунун температурасы 84 градустан 52 градуска төмөндөгөн.

Кечээ, 27-декабрда кечки саат 11ден өткөндө "Улуттук энергохолдинг компаниясынын" жетекчиси Айбек Калиев премьер-министр Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБиндеги абал боюнча маалымат берип, жылуулук менен электрди өз режиминде берүү үчүн кошумча агрегат иштеп жатканын билдирген.

- Учурда төртүнчү блоктун күчү менен станция жүктү көтөрүп жатат. Мүчүлүштүк эски блоктордо болгон. Эгер жаңы блоктор иштебегенде жылуулук кеткен түтүктөр тоңуп, электр энергиясына чектөө киргизилмек, - деген Айбек Калиев.

27-январда биринчи-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин жетекчилиги алдында Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча ыкчам штаб түзүлгөн. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG