Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:04

Лейлекте менчик радио обого чыга баштады


Лейлек райондук акимчилигинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, “Жаш-FM” радиосу азырынча сыноо негизинде обого чыгып жатат.

Радио ачуу демилгесин райондук акимчилик сунуштаган. Буга райондо 130 миң калк маалымат менен камсыздоого эки гезиттин жетишпегени себеп болгон.

Январь айынан тарта иштеп баштаган радио 104.6 жыштыгында тесттик режиминде эфирге чыгат.

Учурда жергиликтүү жаштар радионун ишин үйрөнүп, келечекте район аймагын толук камтуу үчүн онлайн режиминде иштетүү аркеттери жүрүүдө. Радио негизинен жаштарга багытталган, эфир аркылуу шаар, район, облус, республика жана эл аралык жаңылыктар да айтылат. (JsA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG