Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 08:45

Трамп Кабулдагы жардыруудан кийин “катуу чараларды” көрүүнү талап кылды


Кабул, 27-январь, 2018-жыл

АКШ президенти Дональд Трамп Кабулдагы жардыруудан кийин дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдү “Талибанга” каршы “чечкиндүү чараларды” көрүүгө чакырды.

-Мен Кабулдагы бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган, жүздөгөн кишини жарадар кылып, карасанатайлык менен жасалган чабуулду айыптайм. Бул теракт мындан ары биздин ооган өнөктөштөрүбүз менен иштөө нугун өзгөртөт. Эми бардык өлкөлөр талиптерге жана террористтик уюмдарды колдогон тараптарга каршы чечкиндүү кадамдарды жасашы керек, - деди Трамп 27-январдагы билдирүүсүндө.

27-январда Кабулдун эл жыш жайгашкан районунда жанкечтинин жарылуусунан каза тапкандардын саны 103кө, жарадарлардын саны 235ке жетти.

Өкмөттүк медиа борбордун директору Баряли Хилали ооруканага жеткирилген жарадарлардын акыбалы оор болгондуктан курмандыктар дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди.

Бул өткөн жумада "Интерконтиненталь" мейманканасында кеминде 25 кишинин өмүрүн алган кол салуудан кийинки ири теракт болуп калды.

27-январь күнү Гилменд провинциясында да жанкечти автоунааны жардырып жибергенде алты адам жарадар болгон.(КЕ)

XS
SM
MD
LG