Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Калың кардан улам Тегерандын аэропорттору убактылуу жабылды


Ирандын баш-аягы 17 провинциясына калың кар түштү.
Ирандын баш-аягы 17 провинциясына калың кар түштү.

Ирандын баш калаасы Тегеранда калың түшкөн кардан улам аэропорттор, мектептер убактылуу жабылды. Эл аралык "Имам Хомейни" жана Мехрабад аэропортторундагы каттамдар убактылуу токтотулганын Ирандын мамлекеттик телеканалдары 28-январда кабарлашты.

Мектептердеги окуу Тегеранда гана эмес, өлкөнүн бир катар аймактарында да үзгүлтүккө учурады. Баш калаанын чет жакасындагы жолдордо жүздөгөн автоунаалардын тыгыны пайда болду. Айрым жүргүнчүлөр тогуз сааттан бери тыгында турушканын социалдык тармактарга жазышты. Тыгындагы жүргүнчүлөргө жардам көрсөтүү үчүн жүздөгөн куткаруучулар жөнөтүлдү.

Ирандын IRNA мамлекеттик жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам убактылуу баш калка жайларына жөнөтүлгөн адамдардын саны 6600дөн ашты.

XS
SM
MD
LG