Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:07

Жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо 55% жакын шайлоочу добуш берди


2016-жылы 11-декабрда болгон референдум. Архивдик сүрөт.
2016-жылы 11-декабрда болгон референдум. Архивдик сүрөт.

28-январда Кыргызстандын бир катар аймагындагы жергиликтүү кеңештерде шайлоо өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 47 784 шайлоочу добуш берди. Бул тизмеге кирген шайлоочулардын 54,84% түзөт.

Шайлоо айрыкча Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов айылдык кеңешинде жигердүү өттү. Бул аймакта добуш бергендердин саны 63 пайыздан өтсө, шайлоочулардын катышуусу жагынан экинчи орунда турган Кара-Балта шаарында 60 пайыздан ашкан. Кийинки орунда Таш-Көмүр шаары турат. Анда шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо тизмедеги шайлоочулардын 54% жакыны добуш берген. Шайлоочулар Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңешинде азырак келип, бул аймакта добуш бергендердин саны 37% ашкан.

Булардын ичинен Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаардык кеңешине үчүнчү жолу мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Мында 7% босогодон Таш-Көмүр шаардык кеңешине КСДП, “Мекеним Кыргызстан”, “Таш-Көмүр жаштары”, “Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” партиялары өттү. Ал эми Кара-Балта шаардык кеңешине эң көп добуш менен КСДП, “Эл аман”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Элдик-Народная” партиялары келишти. Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов түзгөн “Республика” партиясы 4 пайызга жетпеген добуш алган. “Өнүгүү-Прогресс” 2,55% добуш алды.

Шайлоо Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарында 11 жергиликтүү, эки шаардык жана тогуз айылдык кеңеште өттү. Жалпысынан 211 депутат шайланат. Алардын 149у айылдык, 62си шаардык кеңештин депутаттары. Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катышуу үчүн 1250 талапкер катталган. Шайлоочулардын акыркы тизмесине 87132 шайлоочу киргизилген.

27-январда алдын-ала берген арыздын негизинде 583 шайлоочу добушканадан сырткары жайда добуш беришкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG