Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:37

Гейтс "идеалдуу уй" тукуму үчүн 40 миллион доллар бөлдү


Билл Гейтс.
Билл Гейтс.

Америкалык ишкер Билл Гейтс көп төлдөгөн, сүттүү, эттүү, чыдамдуу уйлардын түрүн (породасын) жаратыш үчүн 40 миллион доллар жумшады. "Business Insider" басылмасы кабарлагандай, акча генетикалык иликтөө үчүн "GALVmed" уюмуна берилди.

Гейтстин айтымында, жаңы тукумдагы уй кадимки мыкты уйдай эле сүт берет, бирок ысыкка кыйла чыдамдуу болот. Уйдун жаңы түрү планетанын эң жакыр аймактарындагы жашоо деңгээлин жогорулатууга көмөктөшөт. Ишкер генетикалык өзгөрүүлөрдүн жардамы менен мал азыркыдан өнүмдүү болот деп эсептейт.

Билл Гейтс - дүйнөдөгү ири "Билл жана Мелинда Гейтс" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү. Ишкер кедей аймактардагы ооруларга каршы күрөшүү, вакциналарды иштеп чыгуу жана жашоо деңгээлин көтөрүү үчүн бир нече жолу өз эсебинен акча бөлгөн.

XS
SM
MD
LG