Жалал-Абад-Бишкек авиакаттамы аткарылбай, жүргүнчүлөр арасында чыккан нааразылыкты Жарандык авиация агенттигинин адистери текшерип, чара көрөт. Бул тууралуу аталган өкмөттүк мекеменин директору Курманбек Акышев "Азаттык" радиосуна билдирди.
Аба ырайынан улам 28-январда Жалал-Абад-Бишкек авиакаттамы токтотулуп, билеттер Ошко которулган. Ондогон жүргүнчүлөр уюштуруу иштери начар болуп жатканына нааразы болуп, Ошко чейин транспорт уюштуруп берүүнү талап кылышкан. Авиакаттамды аткарган “Тез жет” компаниясынын өкүлдөрү аба ырайына байланыштуу ушундай жагдай жаралганын жана Ош аэропортуна чейин жүргүнчүлөрдү жеткирүү милдетин албай турганын айтышкан. Ошондон улам Жалал-Абад аэропортунда жарандар кыска мөөнөткө нааразылык уюштурушкан.
Билеттер Ошко которулганына байланыштуу такси баасы 250 сомдон 400 сомго кымбаттаган.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад – Бишкек каттамы 26-январда да учпай калган.
Соз болуп жаткан багыт боюнча шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү бирден рейс болот. Жүргүнчүлөрдү "Авиа трафик" жана "Тез жет" компаниялары тейлейт.
Соңку күндөрү аба ырайына байланыштуу каттамдар иштебей калган учурлар тез-тез катталууда.