Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

Депутаттар тобу Бишкек ЖЭБине барат


Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин депутаттары эртең, 30-январда Бишкек ЖЭБинде көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна комитеттин төрагасы, депутат Кожобек Рыспаев билдирди. Ал депутаттар жеринде Жылуулук электр борборунун иши менен таанышып, түзүлгөн кырдаалды талкууга алышарын айтты.

- Кайсы түтүктөр жарылды, канча агрегат иштеп жатат? – ушул суроолордун баарына жеринде жооп алабыз. Негизинен Бишкек Жылуулук электр борборундагы тетиктер 1961-жылдан бери жаңылган эмес. Бүгүнкү күндөгү көрүнүш тетиктердин эскилигинен улам болуп жатат. Борбордон ТЭЦке акча бөлүнбөй, эптеп оокатын кылып жаткан.

Депутат Рыспаев "Бишкек ЖЭБи сыяктуу стратегиялык объектилерге каражатты аябаш керек болчу" деп кошумчалады.

Бишкек жылуулук борборунун модернизацияланган башкы корпусу 2017-жылдын 30-августунда пайдаланууга берилген. Ал Кытайдын "Эксимбанкынан" алынган 386 миллион долларлык насыяга жаңыланган. (SDz)

XS
SM
MD
LG