Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:32

Бишкек: 20га жакын көп кабаттуу үйдө жарык өчүп калды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин 11-кичи районундагы № 11, 12, 13,14, 9-кичи районундагы № 3, 3А, 1, 5-кичи районунда № 73, 18,19 көп кабаттуу үйлөрдө электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, Батыш автобекетинин районунда, Токтоналиев-Ахунбаев көчөлөрүндөгү № 50, 48, 42, Чокморов көчөсүндөгү №254, Шевченко көчөсүндөгү №12, Бөкөнбаев көчөсүндөгү №95, Үмөталиев көчөсүндөгү № 11 турак жайда да жарык өчүп калган.

Азыр 34 бригада оңдоо иштери менен алектенип жатканы кабарланды.

26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, жылуулук азайып, үйлөр суук болуп кеткенден бери электр энергиясын керектөө көбөйгөн.

Буга чейин "Түндүк электр" ишканасы суукка жана жылуулук борборундагы кырдаалга байланыштуу жарыкка күч келип, үзгүлтүккө учурап жатканын жарыялаган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG