Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Сузак: көчкү коркунучунан улам Ортоктогу мектеп жабылды


Орток айылындагы жер көчкү.
Орток айылындагы жер көчкү.

Сузак районунун Орток айылындагы Алыбаев атындагы № 61 орто мектеп жер көчкү коркунучуна байланыштуу толук жабылды. Окуучулар башка айылдагы эки мектепке көчүрүлүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак райондук бөлүмүнүн башчысы Алманбет Карыбеков билдирди.

Аталган мектепте 112 окуучу билим алчу. Мындан сырткары айылдагы маданият үйү, ФАП, китепкана да өз ишин токтотту.

Бүгүн айылдын 10дой тургуну жазга чейин мектепти ачып берүү талабы менен райондук администрацияга барышты. Аларды район акими кабыл алып, маселе тийиштүү адистер менен сүйлөшүү жолу аркылуу чечилерин билдирди.

24-январда Орток айылынын Көл-Камыш аймагында көлөмү болжол менен 120000 метр куб болгон жер көчкү жыла баштаганы байкалган. Сузак районунун аймагында ушул тапта кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөрдүн саны 900дөн ашуун. (RsK)

XS
SM
MD
LG