Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:35

Красногорсктогу өрттө төрт тажик жараны каза тапты


Иллюстрация

Москванын жанындагы Красногорск шаарында батирде чыккан өрттөн Тажикстандын төрт атуулу каза тапты. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети 29-январда кабарлады.

Маалыматка ылайык, 48 жаштагы тажикстандык аял жана анын алты жашар небереси 28-январда өрт учурунда жан берген. 48 жаштагы тажик жараны жана анын 13 жаштагы уулу болсо ооруканада көз жумган.

Ижарага алынган бул батирде Тажикстандын тогуз жараны жашап келгени белгилүү болду. Азырынча өрткө эмне себеп болгону тактала элек.

XS
SM
MD
LG