Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:47

Көп кабаттуу үйлөрдүн көбү электр энергиясына өттү


Бишкектеги көп кабаттуу батирлердин жашоочуларынын көпчүлүгү үйлөрүн электр жылыткычтар менен жылытууга аргасыз болуп жатканын билдиришүүдө.

- Батареяда билинер-билинбес жылуулук бар. Сууктан улам бала бакчалар да иштебей, беш балабыз менен жылыткычтын алдынан жылбай эле топтошуп отурабыз, - деди башкалаанын 7-кичи районунун жашоочусу Эрмек Кайнаров.

Туңгуч, Аламүдүн-1, Чыгыш-5, Жал жана башка кичи райондордо да тургундар батареялар муздак экенин, батирлерди электр жана газ жагып жылытууга аракеттенип, бирок андан натыйжа чыкпай, жылуулук 20 градустан ашпай жатканын айтып жатышат. Бир катар райондордо электр энергиясына күч келип, өчүп калган учурлар да кездешүүдө.

Буга чейин "Түндүк электр" ишканасы 20га жакын көп кабаттуу турак жайда жарык үзгүлтүккө учураганын жана калыбына келтирүү иштерин 34 бригада жүргүзүп жатканын маалымдаган.

"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы жылуулуксуз калган көп кабаттуу үйлөрдө температура 16 градуска чейин гана жетип жатканын жарыялаган.

26-январдын кечинде Бишкек ЖЭБинде суу бөлүштүрүүгө керектүү жабдыктар иштен чыккан. Ошондон бери башкалаанын көп кабаттуу үйлөрүнө жылуулук тиешелүү деңгээлде бериле элек. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG